Жаш мугалимдерге сынак жарыяланды
Жаш мугалимдерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Жаш мугалимдин депозити" программасына катышууну каалаган талапкерлер ушул жылдын 5-декабрына чейин райондордун Билим берүү башкармалыктарына арыз тапшырып, дипломунун көчүрмөсүн жана мектеп директорунан берилген кепилдик катын тапшыруу зарыл.
Аталган сынактын биринчи этабы 9-декабрда өткөрүлөт. Аны сөзсүз түрдө ийгиликтүү тапшыруу маанилүү. Ал эми 11-12-декабрь күндөрү сынактын экинчи этабы маектешүү болот. Сынакка катышуу үчүн негизги талап: талапкер ЖОЖдун 2025-жылкы бүтүрүүчүсү болушу керек.
"Тандоо этаптарынан кийин болгону 100 катышуучу гана аныкталат. Алар "Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу аркылуу болжол менен 90 миң сом ала алышат",- деп жазылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















