super.kg logo

"Кандай талап-тоноочулук болгон?" Ташиев Кумтөрдөн 5 жылда 1 миллиард доллар пайда түшкөнүн айтты

 

Мамлекетке Кумтөр кенинен 5 жылда 1 миллиард доллар пайда түштү. Бул тууралуу кечээ, 27-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кемин шаарындагы жаңы төрөткананын курулушунун башталышында билдирди.

Ал бюджетке Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейинки 30 жыл аралыгында 100 миллион сом гана пайда алып келгенин белгилеп, коррупциялык схемалар болгонун айтты.

"Мына, кандай талап-тоноочулук болгон? Алар алтынды өздөрү чыгарган, өздөрү эсептеген, өздөрү ар айда тик учак менен алып чыгып кетип турушкан. Ал эми биздин аткаминерлерге "ушунча өндүрдүк" деп отчёт берип коюшкан. Биздикилер аны кабыл алып коюшкан. Бул деген Ысык-Көлдүн байлыгын тоноого жол бергендик. Анткени аткаминерлер өздөрүнүн үстөк акчасын алып, жеп турушкан",- деди атайын кызматтын башчысы.

Ташиев Садыр Жапаров президенттикке келгенде эле Кумтөрдү кайтарып алуу тапшырмасын койгонун, мындай талапка ишенбегендер да болгонун белгиледи.

"Кайтара албайсыңар, бул деген жомок, инвесторлорго тийбегиле" деп канчалаган адамдар бизди жамандашты. Бирок ошого карабастан Кумтөрдү 1 жылдын ичинде мамлекетке алдык. Бүгүнкү күндө салыктары 100 пайыз төлөнүп жатат",- деди ал.






Ташиев мамлекет Кумтөрдөн 5 жылда 1 миллиард доллар пайда көргөнүн айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: