"Эмнеге ток жетпей жатат?" Ташиев ири 1000 айылга күн электр станциясы куруларын айтты
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү ири 1000 айылга күн электр станциясы куруларын билдирип, инвесторлор менен жолугушуу болгонун айтты.
Атайын кызматтын башчысы ошондой эле электр энергиясына болгон тартыштыкты экономиканын өсүшү менен байланыштырды.
"Ток жетпей жатат" деп арызданабыз. Ток эмне үчүн жетпей жатат? Анын эң башкысы себеби - экономиканын көтөрүлгөндүгүндө. Мына курулуштар болуп жатат, объекттер ишке берилүүдө. Мындан улам электр энергиясын керектөө көбөйүп кетти. Биз бийликке келгени 2 миллиард киловатт жетпей турган болсо, азыр бул көрсөткүч 4 миллиардга чыкты.
Бирок биз келгени өлкө 15 миллиард киловатт өндүрсө, азыр 19 миллиард өндүрүп жатабыз. Демек, экономикабыз өнүгүп жатат.
Эми айылдарга салына турган күн станциялары күндүзү 6-7 саат, түнкүсү 2 саат электр энергия беришет. Ошондо 7-8 саат электр энергиясын суудан албай, күндөн алып турабыз",- деди ал кечээ, 27-ноябрда Кемин шаарында.
Бул электр энергиясына болгон тартыштыкты экономикага байланыштырган биринчи учур эмес.
Өлкөдө электр энергиясына болгон таңкыстык күч болууда. Мындан улам бийлик ар кандай чектөөлөрдү киргизип, тийиштүү чараларды көрүп жатат. Өлкө башчысы Садыр Жапаров жарыкка болгон муктаждык 2028-жылы жоюларын убадалап келет.
Бийлик кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн ачыктап, элди сарамжалдуу пайдаланууга үндөп келет. Кышында кандай абал болушу мүмүн? Бул шилтемеден окуңуз.
Ташиев ири 1000 айылга күн электр станциясы куруларын айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















