Бишкектин четиндеги ооруканада дарыгер менен медайым мушташты (видео)
Социалдык тармактарда Бишкектин четиндеги курортто дарыгер менен медайым урушуп, мушташа кеткен окуянын видеосу тарады. Ал эми аталган окуя боюнча Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат берип, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы ооруканада болгон. Анда райондук милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя каттоого алынып, ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Анда 33 жаштагы дарыгер медайым уулу менен аны сөгүп-сагып, кол көтөргөнүн айткан. 57 жаштагы медайым дагы арыз жазып, дарыгер аны сөгүп, кол көтөрүү болгонун билдирген.
Эки арыз тең тиешелүү тартипте катталып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кызматтык иликтөөнүн алкагында экөө тең кызматтан четтетилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Бишкектин четиндеги ооруканада дарыгер менен медайым мушташа кеткен
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















