Оштогу "Тешик-Таш" базарындагы үйлөрдү бузуу иштери токтотулду
Ош шаарындагы "Тешик-Таш" базарынын айланасындагы үйлөрдү бузуу иштери президенттин тапшырмасына ылайык токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Учурда мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы жеринде жашоочулар менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми турак-жайдын бузулган чатыры мэрия тарабынан калыбына келтирилүүдө.
"Бул үйлөрдү бузуу иштерине Ош шаарынын мэриясынын тиешеси жок. Турак-жайлар жайгашкан жерге ээлик кылган Шырдаков аттуу жаран тарабынан үйлөрдү бузуу иштери жүргөн",- деп жазылат билдирүүдө.
Бул жерлер 1999-жылы Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын токтому менен Шырдаковго жеке менчикке берилип кеткен. Быйыл Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош аймактар аралык башкармалыгы мэриянын ошол жылдагы токтомун токко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. Ош облустук сотунун административдик соту тарабынан мэриянын 1999-жылдагы менчикке берүү токтомун жокко чыгаруу чечими чыккан. Бирок Шырдаков бул чечимге макул болбогондуктан, бүгүнкү күндө иш экинчи инстанцияда каралууда.
Президенттин тапшырмасына ылайык Ошто Тешик-Таш базарындагы үйлөрдү бузуу иштери токтотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















