super.kg logo

Курулуш министрлиги көп кабаттуу имаратка терезелердин сапатсыз орнотулганы тууралуу маалыматты четке какты

 
28-ноябрда көп кабаттуу турак үйдүн терезелери сапатсыз курулуп жатат деп туура эмес маалымат социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу тараган. Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти аталган объект боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
Бишкек шаарынын Байтик баатыр 1 Е дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн долбооруна өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан улам учурда шахмат формасында курулган терезелерди жаңы долбоорго ылайыктоо боюнча демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бардык курулуш иштери министрликтин көзөмөлүндө жана долбоорго ылайык гана жургүзулуп жатат. Бул жерде тынчсыздануунун кереги жок.
Белгилей кетсек, Курулуш министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында Байтик баатыр 1 Е дарегиндеги курулуш объектилерине лабораториялык жана сейсмикалык текшерүү жүргүзүлүп, оң корутунду берилген.
"Урматтуу социалдык тармактын колдонуучулары, курулуш объектилерине байланыштуу такталган гана маалыматтарды бөлүшүүгө чакырабыз",-деп берилет маалыматта.





Курулуш министрлиги көп кабаттуу имаратка терезелердин сапатсыз орнотулганы тууралуу маалыматты четке какты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: