Ташиев келиндерге үйдө отуруп көп акча табууну сунуштады
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кийинки жылдан тартып мамлекет тоолуу аймактарда төрөлгөн төртүнчү баладан баштап убадалаган суммаларды бере баштаарын айтты.
"Мына, төрөй турган келиндерибиз Москвага барып иштебей, үйдө отуруп, бала-чаканын санын көбөйтүп эле көп айлык алса болот. Аны төлөөгө мамлекеттин күчү жетет",- деди ал кечээ, 27-ноябрда Кемин шаарында.
Эске салсак, бийик тоолуу жана барууга кыйын алыскы аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку "Бала береке" төлөмүн берүү ишке киргизилип жатат. Жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр 23-декабрда кол койгон.
Ага ылайык, 4- балага 100 миң сом, 5инчиге 600 миң, 6-балага 800 миң, 7-балага 1 миллион сом, 8инчиге 1 миллион 200 миң сом, 9-балага 1,5 миллион, 10унчу жана андан кийинки балага 2 миллион сомдон берилет.
Ташиев кыз-келиндерге үйдө отуруп көп акча табууну сунуштады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















