super.kg logo

Көркөм сүрөт музейинин 20 жылдыгына арналган китептин бет ачары өтөт

 
Декабрь айында Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин 20 жылдык тарыхына арналган китептин бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул басылма музейдин калыптаныш тарыхын, өнүгүү этаптарын жана түштүк аймактын көркөм маданиятына кошкон салымын камтыйт.
"Ош облустук көркөм сүрөт музейи — живопись, графика, скульптура жана колдонмо искусствонун ар түрдүү коллекциялары чогулган, Кыргызстандын түштүгүндөгү негизги маданий борборлордун бири. Музей улуттук көркөм мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү иштерди жүргүзүп, заманбап сүрөтчүлөрдү колдоого жана Ош шаарындагы чыгармачыл чөйрөнүн өнүгүшүнө активдүү көмөк көрсөтүп келет. Бул багытта көргөзмөлөр, арт-резиденциялар, билим берүү программалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.
Мекемеден билдиришкендей, жарык көргөн жаңы китеп — музейдин тарыхын, аны өнүктүргөн адамдардын эмгегин жана ошол мезгилдеги искусство дүйнөсүнө арналган терең сый-урматтын чагылышы. Басылма Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен чыгарылды.
Китептин бет ачары музейдин маданий тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, жергиликтүү коомчулуктун жана искусство сүйүүчүлөрдүн көңүл чордонунда болору күтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: