super.kg logo

Коопсуздук эрежелерин бузган компанияга айып салынып, 10 күн убакыт берилди (видео)

 
28-ноябрда Бишкек шаарынын Элебаев көчөсү, 48 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу жашоочулардан видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн дарек боюнча ыкчам аракеттер көрүлдү. Аталган курулуш объектисиндеги иштерден улам жанаша жайгашкан аймакка кооптуу абал жаралып, техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы маалым болду.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Курулуш” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күн убакыт берилип, курулушу убактылуу токтотулду. Мындан сырткары курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралат.





Коопсуздук эрежелерин бузган компанияга айып салынып, 10 күн убакыт берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: