Лейлекте эки өткөрүү пункту жабылгандыктан, жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу каттап жатышат
Баткен облусунун Лейлек районунда 11-январдагы окуядан соң эки өткөрүү пункту жабылгандыктан, учурда райондун жашоочулары Лейлек районунун бир тарабынан экинчи тарабына өтүү үчүн Булак-Башы айылындагы айланма жолун тегеренип жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков бүгүн, 20-январда билдирди.
"Аталган айланма жол аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, өткөрүү пункттарынын жабылышы менен жергиликтүү жарандар өтө деле кыйынчылык тарткан жок. Учурда Лейлек районунун аймагында коомдук-саясий абал тынч»,- деп билдирди Жеңиш Разаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

