super.kg logo

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев жергиликтүү тургундар менен чогуу Ауэзов көчөсүндөгү жаңыланган көпүрөнүн ачылышына катышышты.

Бул ачылыш аталган аймактын жашоочулары үчүн көптөн күткөн жаңылык болду, анткени алар күн сайын кыймылдын чектелишинен улам ыңгайсыздыкка туш болуп келишкен.

Объект толугу менен реконструкцияланып, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү. Курулуштан кийин көпүрөнүн жалпы туурасы 24 метрди, узундугу 70 метрди түздү. Унаа кыймылы үчүн 4 тилке курулуп, жолдун эки тарабында 3 метрден тротуарлар жасалды. Эки катмар асфальт төшөлүп, көчөгө 12 жаңы көчө чырагы орнотулду.

2026-жылы көпүрөнүн астындагы каналда кошумча бетондоо иштери жүргүзүлүп, анын түбү, капталдары жана жээктери бекемделет.

Реконструкцияга чейин көпүрө авариялык абалда болуп, болгону эки тилкелүү жана туурасы 13 метрди гана түзүп, тротуарлары 1,5–2 метр гана болгон.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталып, пландалган мөөнөтүнөн 30 күн эрте аяктап, тургундарды кубандырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: