super.kg logo

Бүгүн 10 миңге жакын шайлоочу сырттан добуш берүүгө катышып жатат

 

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.

БШКнын маалыматы боюнча, жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.

Алардин ичинен:

  • жаш курагы боюнча – 3 511;
  • майыптыгы боюнча – 2 134;
  • ден соолугуна байланыштуу – 4 008;
  • айрым категориялардын өкүлдөрүнөн – 676;

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү – добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда саат 08:00дөн 20.00гө чейинки аралыкта жана шайлоочунун добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: