Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди
18-январда президент
Алмазбек Атамбаев “КРнын Салык
кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол
койду.
Автор: Автандил Добулбеков
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.
Салык кодексине түзөтүүлөр салык төлөөчүлөр үчүн алардын салык милдеттенмелерин аткарууга шарт түзүү жана салыктарды администрациялоону жакшыртуу максатында киргизилген.
Мыйзам 1-беренин 9, 11, 12, 15 жана 16-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мыйзамдын 1-беренесинин 9, 11 жана 12-пункттары 2014-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын 1-беренесинин 15 жана 16-пункттары расмий жарыяланган күндөн тартып 2 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

