super.kg logo
  Спорт  

Ларри Холмс мушкер Флойд Мейвезер акчасын керексиз нерселерге коротуп жатканын айтты

 

Дүйнөнүн супер оор салмактагы  экс-чемпиону Ларри Холмс мушкер Флойд Мейвезердин акчасын ысырап кылып жатканын айтты. Бул тууралуу 20-январда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Холмстун айтымында, Мейвезер акчасын керексиз нерселерге коротуп жатат.

Кезинде рингге чыкканы үчүн ири суммадагы гонорар алган Холмс мушкер Мейвезер экөөнүн бул жаатта окшоштуктары бар экенин кошумчалайт. Экс-мушкердин берген маалыматына караганда, кезинде анын 7 Роллс Ройс автоунаасы, жалпысынан 27 автоунаа жана автобусу болгон. “Ойлоп көрсөм, мунун баары мага керектүү нерселер эмес болчу” дейт ал.

Холмс карьерасындагы эң ийгиликтүү беттештерди 80-жылдары өткөргөн. Анын эсебинде профессионалдык рингде 69 жеңиш бар (75 беттеште). Кезинде ал WBC жана IBF версиялары боюнча чемпиондук наамды кармап турган.

36 жаштагы Мейвезер профессионалдык рингде 45 беттеш өткөрүп, анын баарында жеңиш ээси аталган. Флойд WBC версиясы боюнча 66 жана 69 килограмм салмактарда Дүйнө чемпиону. Америкалык мушкер 2013-жылы мексикалык Сауль Альварес менен беттешкени үчүн бокс тарыхындагы рекорддук гонорарга ээ болгон. Анда анын эсеби 41 миллион доллар менен толукталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.01.2014. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖАШОО керемет экенго.)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: