super.kg logo
  Саясат  

Эркин Алымбеков: “Калктын кызыкчылыгын коргоо депутаттын эң башкы милдети”

 

20-январда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин мүчөлөрү Бишкектин Белорусский жана Кубанский көчөлөрүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууга комитет төрагасы Эркин Алымбеков, депутат Абдыжапар Бекматов, Бишкек мэриясынын, Октябрь райондук администрациясынын, прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

Жергиликтүү тургундар буга чейин Жогорку Кеңешке жалпы колдонуудагы балдар аянтчасы “Кыргызгаз” ишканасына ижарага берилип, кайра жеке жакка менчикке сатылганын, азыр колдон-колго өтүп жатканын айтып кайрылышкан.

Аянтчанын алдында жогорку жана орто басымдагы газ түтүгү көмүлгөндүктөн, ал жерге турак жай курууга болбойт. Буга карабай, райадминистрация Кымбат Акунова аттуу жарандын менчигине берип, ал Канат Сейдисинов деген жаранга саткан. Ал газ бөлүштүрүү жайын башка жерге которуу жөнүндө чечим чыгартып, аянтчаны толугу менен курчап алыптыр.

Эркин Алымбеков шаар тургундары айткан маселени комитеттин жыйындарында карап, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма бериле турганын айтты. “Бул маселенин сотто туура чечилүү жүрүмү да көзөмөлгө алынат. Анткени калк кызыкчылыгын коргоо эл өкүлдөрүнүн эң башкы милдеттеринин бири”,- деди Алымбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: