super.kg logo
  Спорт  

Каратэчи Камилов дүйнөлүк турнирде чемпион болду

 

Каратэчи Алинур Камилов дүйнөлүк рейтингдик турнирде чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалымдалгандай, 4-7-декабрь күндөрү Италиянын Лидо-ди-Езоло шаарында WKF уюмунун дүйнөлүк рейтингдик каратэ турнири өтүп, ага 77 өлкөдөн 3045 спортчу катышкан.

Өлкө курама командасынын мүчөсү Камилов кадеттер арасында 70 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынган.

"Бул кыргыз каратэсинин тарыхында дүйнөлүк рейтингдик турнирдеги алгачкы алтын медаль болду",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: