super.kg logo

Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кайрадан куралдуу кагылышуу орун алды

 

Таиланд менен Камбоджанын чек ара аймагында куралдуу кагылышуу орун алып, бир таиланддык аскер каза таап, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка ылайык, Таиланд армиясынын өкүлү, генерал-майор Винтай Сувари Камбоджа аскерлери биринчи болуп Таиланддын аймагына ок чыгарганын билдирген. Андан кийин Таиланд тарап да жооп кайтарып, атышуу күчөгөн.

Анын айтымында, кагылышуу саат 07:00дөр чамасында болуп, Камбоджа чек арадагы бир нече аймакты, анын ичинде “Анупонг” аскердик базасын аткылаган. Жыйынтыгында бир таиланддык жоокер көз жумуп, экөө жарадар болгон.

Сувари ошондой эле Камбоджанын артиллерия колдонгон объекттерине жооп иретинде Таиланд абадан сокку уруп баштаганын белгиледи.

Маалыматтарда айтылгандай, буга чейин жекшемби күнү Камбоджанын аскерлери чек арага жакын бир нече таиланддык райондорго чабуул жасаган. Дал ушул себептен Таиланд армиясы чек аралык аймактарда жайгашкан төрт провинциянын калкын эвакуациялоо чечимин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: