super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуу Британияда mpox вирусунун жаңы түрү табылды

 

Улуу Британиянын Саламаттык сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги (UKHSA) Англияда mpox (мурунку аталышы - monkeypox) вирусунун жаңы штаммы аныкталганын билдирди. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Sky Newsка таянып жазды.

Маалыматка ылайык, вирус жакында Азиядан кайтып келген адамдан табылган. UKHSA жүргүзгөн геномдук изилдөөдөн кийин жаңы штамм mpox вирусунун эки ар башка подтипинин элементтерин камтыган рекомбинанттык форма экени аныкталды.

UKHSA өкүлү доктор Кэти Синка виру эволюциянын табигый көрүнүшү экенин белгилеп, кошумча изилдөөлөр анын кантип өзгөрөрүн аныктоого жардам берерин айтты.

Адистердин айтымында, mpox көп учурда жеңил формада өтөт, бирок айрым учурда оору күчөп кетиши мүмкүн. Вакцинация оорунун күчөп кетишинен коргоонун эң натыйжалуу жолу.

Оорунун белгилерине териде бүдүрлөр же жаралар, дене табынын көтөрүлушү, баш жана булчуң оорулары кирет.

Адистер mpox вирусунан коргонуу үчүн вакцина алуу жана жеке гигиенаны сактоо керектигин эскертишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: