Казакстандагы тойдо ырчыны сабаган мурунку кайната акча төлөп жана 1 жылдык эркиндиги чектелүү жазасына тартылды

Түркстан облусунда той учурунда мурунку келинин ур-токмокко алган эркекке карата сот өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Окуя 31-августта Түркстан облусунун Төлебий районундагы “Загамбар” ресторанында болгон. Тойдо ырдап турган 27 жаштагы аялга анын мурунку күйөөсүнүн атасы капысынан кол салып, бир нече ирет урган. Жабырлануучунун айтымында, эркек катуу мас болгон.
Анын айтуусуна караганда, ошол күнү кайната анын кесиптештерине да кол көтөргөн. Анда ырчынын айдоочусун урса, администраторун дагы бир эркек киши сабаган.
Жабырлануучу дароо полицияга арыз жазган. Бирок ошол учурдан кийин ага мурунку күйөөсү тараптан коркутуулар түшө баштаганын билдирди. Ал ошондой эле кайнатасы эч качан кечирим сурабаганын жана өз айыбын моюнга албаганын кошумчалаган.
Кийинчерээк жабырлануучу полициянын аракетсиздигине нааразы болуп, видео кайрылуу да жарыялаган.
Соттун чечими
Козголгон кылмыш иши Төлебий райондук сотунда каралды. Шектүү Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин 1-бөлүгү (“Бейбаштык”) боюнча айыпталган.
Соттун маалыматына караганда, 31-августта саат 21:23 чамасында айыпталуучу банкет залында мурунку келини ырдап жатканын көрүп, ага физикалык күч колдонгон. Натыйжада жабырлануучунун моюн, билек жана көкүрөк бөлүктөрүндө көгөргөн тактар аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза бул жарааттар ден соолукка зыян келтирбегенин белгилеген.
Прокурор айыпталуучуну 1 жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабырлануучу да прокурордун позициясын колдоп, 700 миң теңге материалдык зыян жана 10 миллион теңге моралдык компенсация өндүрүүнү талап кылган.
Айыпталуучу болсо ишти жеңилирээк берене - 109-1 (Ур-токмок) менен квалификациялап, айып пул салууну өтүнгөн.
Жаза чарасы
Сот айыпталуучунун мурда соттолбогонун жана өкүнүүсүн жеңилдетүүчү жагдай катары эсептеп, оорлотуучу жагдай тапкан эмес.
2025-жылдын 8-декабрындагы өкүмгө ылайык:
-
айыпталуучу 1 жылдык эркиндигинен чектөө жазасына кесилди;
-
жабырлануучуга 800 миң теңге моралдык чыгым өндүрүлдү;
-
ошондой эле 700 миң теңге өкүлчүлүк чыгымдары төлөнүп берилет.
Өкүм азырынча күчүнө кире элек.
Казакстандагы тойдо ырчыны сабоо видеосу:
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















