super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад ОИИББинин башчысы БУУнун комиссары менен жолугушту  

 
"2014-жылдын 20-январында Жалал-Абад ОИИББинин башчысы, милициянын полковниги  Ж.М.Жоробеков БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Чобануну кабыл  алды” деп билдирди бүгүн, 21-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жолугушууда облустун аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, көзөмөлдөө, мамлекеттик кызматкерлердин эл арасында жасаган иштеринин деңгээлин көтөрүү, кылмыштуулуктун алдын  алуу боюнча жалпы коомчулукта жана мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүү, айрыкча көп улуттуу  өспүрүмдөр окуган мектептерде спортту өнүктүрүүгө спорттук эмеректерди алуу, жаштарды спортко тартуу  боюнча сунуштар болду. Мындан сырткары ар кандай пилоттук долбоорлор талкууланып, Жалал-Абад  шаарындагы бир кичи районду «кошуналык  көзөмөл» (соседский  дозор) пилоттук долбоору боюнча    биргелешип иш алып барып, облустун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо   боюнча маселелер көтөрүлүп, ишке ашыруу боюнча макулдашылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: