Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр” оюндарынын брендин өзүнө таандык кылып бекитти
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 9-декабрда “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышты.
Ынтымак Ордодо өткөн иш-чарада Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи.
"Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири глобалдык аянтчалардын бирине айланды. Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу", - деп белгиледи төрага.
Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын пайдубалын түптөп, анын бренд катары өнүгүшүнө зор салым кошкон Асхат Акибаевдин жетишкендиктерин өзгөчө белгиледи.
Маалымат үчүн: Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өткөн. Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) эстафетаны колго алып, эл аралык аренада да жогорку баага татыды. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт жана Кыргызстан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тосуп алууга кызуу даярдык көрүүдө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга товардык белгилерге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү Оюндардын институционалдык жана укуктук негиздерин бекемдеп гана тим болбостон, туруктуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















