super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таиланд Камбоджа менен чектеш аймактарда аскердик операциясын баштады

 

Таиланддын Аскер-деңиз күчтөрү Камбоджа менен чек ара аймагында флот жана аскердик учактардын катышуусу менен кеңири масштабдуу операция жүргүзө баштады. Бул тууралуу 10-декабрда The Nation Thailand басылмасы Трат провинциясынын чек ара коргоо штабына таянып билдирди.

Аскердик операция эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун күчөшүнөн улам жаралган жагдай болуп, районго "HTMS Thepa" аскердик кемеси жөнөтүлдү. Эми ал чалгындоо жүргүзүп, аймакты тынымсыз көзөмөлгө алат.

Чыңалуу 10-ноябрда курчуган. Таиланддын премьер-министри жана ички иштер министри Анутхин Чанвиракун Камбоджа менен тынчтык келишимин убактылуу токтотконун билдирди. Ага чек арада эки тай аскеринин минага жарылуусу себеп болду.

8-декабрда Khaosod гезити Камбоджанын аскерлери Таиланд аймагындагы Анупонг базасына ок атканын жазды. Натыйжада бир тай аскери каза болуп, экөө жаракат алган. Таиланд армиясы чек арага жакын төрт провинциянын тургундарын коопсуз жайларга көчүүгө чакырды.

Reuters 9-декабрда чек ара боюнча бир нече аймакка жайылган куралдуу кагылышуулар жүздөгөн адамдарды жабыркатканын кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, Таиланд тараптан жаракат алгандардын саны 29 адамга жетти.

10-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы кырдаалды жөнгө салууга кайрадан кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. Ал буга чейин да эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну токтотууда роль ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: