АКШнын лидери Трамп Украина, Орусия жана Европа боюнча маек берди. Эмнелерге токтолду?
"Politico" журналы АКШ президенти Дональд Трамптан Европа, Украинадагы согуш жана НАТО боюнча кеңири маек алды. Басылма аны Европаны эң көп таасирленткен адам деп атады.
Маектин негизги тезистери төмөнкүчө:
Орусия –Украина согушу
Трамп согуштагы сүйлөшүүлөрдө Орусиянын позициясы күчтүүрөөк экенин айтты. Анын айтымында, бул жаңжал "эгер ал президент болгондо чыкмак эмес" жана мүмкүн болгон "Үчүнчү дүйнөлүк согуштун алдын алган".
Ал Украина лидери Владимир Зеленский акыркы тынчтык сунушун "окуй элек" деп билдирип, ал өлкө олуттуу аймактарды берүүгө аргасыз болуп калганын белгиледи.
Украинадагы шайлоо
Трамп Украинада шайлоо өткөрүү убактысы келгенин айтты. Согушту "шайлоону кийинкиге калтыруунун себеби катары колдонбоо керек" деп эсептейт.
АКШнын жана Европанын ролу
Трамп АКШ акча бөлүүнү токтотконун айтып, Байденди "Украинага 350 миллирад доллар берип, жаңылыштык кетирди" деп сындады. Европа боюнча сын айтып, көп сүйлөшкөнү менен майнаптуу эместигин белгиледи.
Украина НАТОго киреби?
Анын айтымында, НАТОго кеңейүү чектелүү жана Украинанын уюмга кирбей турганы Путинден мурда эле белгилүү болгон.
Зеленский жана Путин тууралуу
Трамп эки лидердин ортосунда терең жеке жек көрүү бар экенин, бул тынчтык сүйлөшүүлөрүн татаалдаштырып жатканын айтты.
Ал ошондой эле Зеленскийди АКШда шоу-бизнес индустриясын өнүктүргөн белгилүү шоумен Финеас Тейлор Барнумга окшоштурарын айтып, АКШдан көп каражат алынганын белгиледи.
Мамилелердин абалы
Трамп согуш Украина үчүн жеңиш эмес экенин, өлкө чоң аймактарын жоготконун кайталап айтты. Ал ошондой эле 2014-жылы Крымдын аннекциясы "Обаманын катасы" болгонун баса белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















