super.kg logo

Улуттук тарых музейине сейрек кездешүүчү балбал таш тапшырылды 

 
Бишкектеги Улуттук тарых музейи Чүй өрөөнүнөн табылган сейрек кездешүүчү балбал менен толукталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, археолог, тарых илимдеринин доктору Кубат Табалдыев көп жылдар бою жеке үйдө сакталып келген байыркы таш айкелди музейге өткөрүп берген.
Табалдыевдин айтымында, бул балбал кеч коло же эрте темир дооруна таандык болуп, музейдеги башка экспонаттардан өзгөчөлөнөт. Айкелдин көзү, мурутунун формаcы жана жасалышы айырмаланып, түрк маданиятынын кийинки кошулмалары байкалат.
Ал эми музей жетекчилиги тарыхый мурастарды коргоо жана коомчулукка жайылтуу иши мындан ары да улантыларын белгилеп өткөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: