Украина АКШнын тынчтык планына расмий жообун жөнөттү
Украина бийлиги АКШнын президентинин администрациясына Орусия-Украина жаңжалынын аякташы боюнча АКШ сунуштаган акыркы тынчтык планын талдоого алган өз жообун тапшырды. Бул тууралуу Axios басылмасы америкалык жана украиналык аткаминерлерге таянып кабарлайт.
"РБК-Украина" булактарынын билдиришинче, Киев Вашингтонго жаңыртылган тынчтык планын жөнөттү. Ошондой эле Украина өз жообунда аймактар боюнча маселелерди жана Орусиянын көзөмөлүндө турган Запорожье АЭСинин статусу боюнча жаңы идеяларды киргизген.
Axios’тун маалыматына караганда, Украина АКШнын сунуштарына Евробиримдиктеги өнөктөштөрү менен кеңешкенден кийин кеңири мазмунда жооп берген. Украинанын башкы сүйлөшүүчүcү Рустем Умеров АКШ президенти Дональд Трамптын кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге жооп кайтарган.
АКШ менен Украинанын жогорку даражалуу аскердик өкүлдөрү 11-декабрда онлайн жолугушуп, АКШнын тынчтык планынын айрым деталдарын талкуулоону улантарын кабарлашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















