Германияда фейерверкке тыюу салуу боюнча петицияга 2 миллиондон ашуун адам кол койду
Германияда Жаңы жылга карата фейерверк жана тарсылдактарды атууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү. Петицияга 2 миллиондон ашуун адам кол койду. Бул өлкөдөгү эң ири онлайн демилге болуп саналарын чет элдик басылмалар жазышууда.
Берлин полициясынын профсоюзу быйыл жардыргычтарга толук түрдө тыюу салууну сунуш кылды. Жаңы жыл түнүндө фейерверктерди туура эмес колдонуунун натыйжасында көптөгөн кырсыктар катталат.
Полиция жарандарга шаар тарабынан уюштурулган профессионалдык салют шоулорун көрүүнү сунуш кылууда. Айрым саясатчылар бул демилгени адамдардын, экологиянын коопсуздугу үчүн колдошот.
Учурда толук тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынган жок. Бирок сурамжылоолор көрсөткөндөй, калктын көпчүлүгү чектөөлөрдү колдойт. Айрымдары тарсылдактарды сатууга да тыюу салууну жактоодо.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















