Кыргызстандык боксчу Ихтияр Нишонов Дүйнө чемпиондугунда коло медаль утту

Кыргызстандык боксчу Ихтияр Нишонов учурда Дубай шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль багындырды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерация билдирди.
71 килограммга чейинки салмак категориясында Нишонов жарым финалда казакстандык Айблайхан Жусуповго упай боюнча утулуп, үчүнчү орунду ээледи.
Мурдагы айлампаларда кыргызстандык мушкер мыкты даярдыгын көрсөтүп, Австралия менен Таиланддын спортчуларын нокаутка кетирип, андан соң Молдованын өкүлүн жеңип жарым финалга чыккан.
Мындан тышкары, дагы бир кыргызстандык боксчу Омар Ливаза (63,5 килограммга чейин) жарышта эң жогорку натыйжа көрсөткөндөрдүн катарына кошулуп, Дүйнө чемпиондугунун финалына жолдомо алды.
Эскертке кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынын виза маселесинен улам аталган мелдеш бир күнгө жылдырылган эле. Ал арада федерация президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсү менен маселе чечилгенин билдирген болчу.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















