super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Манасчылардын чыры. Токмоктолгон Калил уулу үн катты

 

Кыргыз улуттук "Манас" театрында токмоктолгону айтылган манасчы Асаналы Калил уулу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.

Ал жаңжал жыйналыштан кийин аталган театрдын директору Нурбек Талантбек уулунун иш бөлмөсүндө болгонун белгиледи.

"Мына, 3 күндөн бери ооруканада жатып, эми өзүмө келдим. Мен жакында манасчылардын арасында болгон сынак калыс өтпөгөнүн айтсам, Рысбай Исаков, Талантбеков жана Нурбек Калыбек уулу мени ур-токмокко алышты. Экөөсү эки колумдан кармап беришти, ал эми Рысбай байке мурунга чапты. Мен мунун баарын чындык ачыкка чыксын деп айтып жатам.

Мен Рысбай байкени сыйлайм жана аны кечирдим. Бирок ал киши кыргыз элинен чын дилинен кечирим сурасын. Мыйзам чегинде жооп берсин. Мен өзүнчө сүйлөшпөйм",- деди ал.

Буга чейин Рысбай Исаков Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, кайрылуу жасаган.

Айта кетсек, 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилген.






Манасчылардын чыры. Токмоктолгон Калил уулу үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: