"Евразия KG" социалдык дүкөндөрү Кыргыз Экономика университети менен кызматташууга кол койду
"Евразия KG" социалдык дүкөндөрү Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика университети менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу долбоордун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кадам өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлар менен өнөктөштүгүн улантып, студенттер менен мугалимдердин эң керектүү товарларга жетүүсүнө көмөк түзөт.
"Биздин долбоорго дагы бир университет кошулганына кубанычтабыз. Биздин социалдык дүкөндөр эң керектүү товарларды республика боюнча жарандардын ар кандай категориялары үчүн жеткиликтүү кылуу үчүн иштеп жатышат",- деп билдирген "Евразия KG" социалдык дүкөндөрү долбоорунун жетекчиси Антон Арский.
Ошондой эле Кыргыз Экономика университетинин студенттери жана мугалимдери Евразия социалдык дүкөндөрүндө атайын арзандатуу менен алган карталарды колдоно алышары маалым болду.
Мындан тышкары, башка университеттер менен кызматташуу дагы пландаштырылып жатканы кошумчаланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















