super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте «Евразия» уюмунун колдоосу менен эки күндүк медиа боюнча мастер-класс өттү

 

Бишкекте «Евразия» уюмунун колдоосу менен уюштурулган эки күндүк медиа боюнча мастер-класс жыйынтыкталды.

Бул иш-чара студенттер, журналисттер жана санарип контент жаратуучулар үчүн маанилүү билим берүү аянтчасы болуп, алдыңкы медиа адистерден жаңы тажрыйба жана практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берди.

Биринчи күн: өзгөчө кырдаалдардагы журналистика жана санарип контенттеги тренддер.

Алагчкы күнү программа эл аралык журналист, «Россия сегодня» медиатобунун башкы директорунун кеңешчиси жана «Разворот на Восток» программасынын алып баруучусу Турал Керимовдун лекциясы менен ачылды.

Лекциянын жүрүшүндө ал журналисттин табигый кырсыктар, пандемиялар жана техногендик коркунучтар сыяктуу өзгөчө кырдаалдардагы иши тууралуу айтып берди. Анда өзгөчө көңүл оперативдүүлүккө, коопсуздукка, этикалык нормаларга жана маалыматтын тактыгына бурулду. Ал эми катышуучулар кризис мезгилинде окуяларды чагылдыруунун реалдуу кейстерин жана ыкмаларын талкуулашты.

Тыныгуудан кийин медиаэксперт Алексей Дюков заманбап санарип контент формалары жана социалдык тармактардын медиа экосистемадагы ролу жөнүндө лекция окуду. Ал вертикалдуу видеолор маалыматты кабыл алуу форматын кантип өзгөрткөнүн, эмнеге көрүү тажрыйба негизги көндүмгө айланганын жана 2025-жылдагы медиа коммуникациянын өнүгүшүн аныктаган тренддерди кеңири түшүндүрүп берди.

Экинчи күн: мобилография жана жарнамалык ролик жаратуу

Мастер-класстын экинчи күнүн толугу менен «Фокус Академи» мектебинин негиздөөчүсү Айдар Осоров алып барды.

Алгачкы бөлүк мобилографиянын негиздерине арналды: жарык менен иштөө, кадрды туура куруу, ракурстар, динамика жана социалдык тармактар үчүн сапаттуу вертикалдуу видеолорду жаратуу ыкмалары. Катышуучулар таасирдүү рилстерди тартуу жана визуалдык баянды күчөтүү боюнча жөнөкөй, бирок профессионалдуу ыкмаларды үйрөнүштү.

Экинчи бөлүктө катышуучулар практикалык ишке өтүштү. Айдар Осоровдун жетекчилиги алдында алар идея жана сценарийден тартып, тартууларына жана финалдык монтажга чейин өздөрүнүн жарнамалык видеороликтерин жаратышты. Мындай формат ар бир катышуучуга толук чыгармачыл процессти этап-этабы менен өтүүгө шарт түздү.

Иш-чара салттуу жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

АНО «Евразия» — гуманитардык жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырган автономдуу коммерциялык эмес уюм. Максаты — эл аралык кызматташууну бекемдөө, жаштарды колдоо жана маданият аралык өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү. Уюм окутуу программаларын, алмашууларды, стажировкаларды жана медиа долбоорлорду өткөрүп, студенттердин жана жаш адистердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошот.






Бишкекте «Евразия» уюмунун колдоосу менен эки күндүк медиа боюнча мастер-класс өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: