Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)
Чүй облусунда ИИМде каттоодо турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү курал уурдого шектелип кармалды. Бул тууралуу 13-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, милицияга Бишкек шаарынын К.У. аттуу тургуну белгисиз адамдарга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
Арызда 10-декабрда саат 17:33төн 18:22ге чейин Александровка айылындагы “Steak Room” кафесинин жанында белгисиз адамдар анын Toyota Camry 70 унаасынын сол арткы айнегин талкалап, унаанын салонунан барсетканы уурдап кетишкенин айткан.
Айтымында, барсетканын ичинде 200 доллар салынган капчык, эки паспорт жана MP-471 №2147100230 калибриндеги пневматикалык тапанча бар болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
“Антирэкет” рейди учурунда 1991-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Ал эми уурдалган тапанча алынып, далил буюм катары катталган.
Учурда кармалган жаран башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүү иштери жүрүп жатат. Тергөө амалдары улантылууда.
Чүй уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү курал уурдого шектелип кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















