Анарбек Исмаилов: “Президенттин эл аралык жолугушууларда кыргызча сүйлөгөнү ашыкча түйшүк”

Президент Алмазбек Атамбаевдин эл аралык жолугушууларда кыргыз тилинде сүйлөгөнү ашыкча түйшүк. Андайда чет тилинде сүйлөгөнү эле оң. Муну бүгүн, 21-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында өлкө башчынын ЖКдагы өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов айтты.
“Эл аралык жолугушууларда кыргыз тилинде сүйлөсө ага котормочу алуу керек болот. Мындай ашыкча түйшүктүн эмне кереги бар? Эки тарап тең түшүнгөн тилде сүйлөгөнү туура”,- дейт Исмаилов.
Жыйында кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган мыйзамга билдирген президенттин каршы пикири каралууда. Депутаттар мыйзамда өлкө башчы белгилеген кемчиликтердин көпчүлүгүнө макул экенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

