super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевди кабыл алды

 
Бүгүн, 21-январда, президент Алмазбек Атамбаев КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 
Маалыматка ылайык, Аалы Карашев өлкө башчысына ведомстволор мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар жаңылыктарды киргизгендиги, кадрларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системин түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мындан сырткары ал мамлекеттик кызматчылардын кирешелери жана мүлкү тууралуу маалыматтардын тактыгын текшерүү жана Кыргызстанда алгачкы ирет киргизилип жаткан декларацияланбаган мүлктү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  жөнүндө айтып өттү.
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматчылардын потенциалын жогорулатууга жана алардын кесиптик ишмердигин өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантуунун зарылчылыгын баса белгилеп, кесипкөй жана ырааттуу болууга чакырды. Ошондой эле көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапаты кыйла жакшыртылууга тийиш экендигин белгиледи. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: