Кыргыз-Ооган бизнес форумунда 157 миллион долларлык 11 келишим түзүлдү
Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз-Ооган бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу 18-декабрда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, форумдун жүрүшүндө ооган бизнес-коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 миллион АКШ долларын түзгөн 11 келишимге кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.
Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















