Баткен. Лейлекте кыргыз-өзбек жигиттеринин ортосунда жаңжал чыкты
Баткен облусунун Лейлек районунда 20-январда кыргыз жана өзбек жаштар арасында мушташ чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айылында кечээ эки улуттун жаштары ортосунда чыккан жаңжалга милиция кызматкерлери өз убагында жетип, окуянын курчуп кетишине жол берген эмес.
Белгилей кетсек, Лейлек районунун Ак-Суу айылында өзбек улутундагы жарандар басымдуулук кылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

