super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын тийиштүү комитети кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюу чечимин кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин депутаттары "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна кайрадан добуш беришет. 

Мындай чечим ЖКнын  регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 21-январдагы отурумунда кабыл алынды. Асия Сасыкбаеванын айтымында, парламенттин  добуш берүү учурундагы жыйынына катышпаган депутаттардан арыз келип түшкөн. Комитетке Каныбек Иманалиев, Хажимурат Коркмазов, Курманбек Дыйканбаев, Майрамкүл Тиленчиева жана Талант Узакбаевдер кайрылышкан.   

Комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, эки депутат гана кагаз түрүндө арыз жазган. Талкуунун жыйынтыгында маселени кайра добуш берүүгө коюу чечими чыгарылды.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште 15-январь күнү "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун депутаттар колдобой коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: