super.kg logo
  Саясат  

Ош облусунун казысы Кара-Суу эли менен жолугушту

 

Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов өткөн жума намазын Кара-Суу районунун «Достук» атындагы борбордук мечитинде миңдей жамаат менен бирге окуп, үгүт-насаат багытындагы лекциясын окуду. Мындан сырткары ал жергиликтүү тургундарга муфтияттын айланасындагы өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди. Бул тууралуу 21-январда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Казынын айтымында, кызматка келе турган жаңы муфтийдин алдыга койгон негизги максаттарынын катарында ажылыкка байланыштуу бардык иш-аракеттерде коррупциялык элементтерден толугу менен арылуу жана ажыга баруучуларды көп жылдык тизмелерге расмий каттоону колго ала турганын белгиледи.

 

«Мындан сырткары мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташтыкты жана диалогду бекемдөө, мусулмандар арасында ханафий мазхабын жана ахли сүннөт акыйда ишенимин күчөтүү, диний билим берүүнүн стандартын иштеп чыгуу жана лицензиялоо жана башка өнүгүү стратегиялары кирет. Бул багытта иш алып барууда бир гана муфтияттын эмес, жалпыбыздын колдоо көрсөтүүбүз жана биргелешип иштөөбүз зарыл»,- деди Ниязалы ажы Арипов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: