super.kg logo

Элдик Банк ISO 27001:2022 эл аралык сертификатка ээ болду

 

Элдик Банк Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык ISO 27001:2022 сертификатын алды. Банк көз карандысыз аудиттен ийгиликтүү өтүп, маалыматтык коопсуздукту башкаруу тутумунун ISO 27001:2022 эл аралык стандартына шайкештигин расмий тастыктады.

Бул таанылган жана маалыматтарды коргоо боюнча дүйнөдөгү эң катуу стандарттарынын бири болуп саналат. Сертификатты алуу банк коопсуздукка комплекстүү мамилени ишке ашырганын билдирет: кардарлардын жана өнөктөштөрдүн маалыматтарын ишенимдүү коргойт, тобокелдиктерди башкарат жана кибер коркунучтарды алдын алуу үчүн заманбап ыкмаларды колдонот.

Даярдыктын алкагында банк ички процесстерди жаңыртты, коопсуздук саясатын өркүндөттү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатты.

“ISO 27001:2022 сертификатын алуу биздин кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул банк маалыматтык коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыздап, киберкоопсуздук тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны карманып жатканын тастыктайт».

Бул банк маалыматтын жогорку деңгээлде корголушун жана киберкоопсуздук тармагындагы эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны карманып жатканын тастыктайт», – деди «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Стандартка ылайык келүү банкка санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө жана ISO 27001 милдеттүү же сунушталган талап болгон эл аралык уюмдар менен кызматташууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Банк өсүп жаткан киберкоркунучтар шартында маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу үчүн маалыматтык коопсуздук системаларын жана процесстерин өркүндөтүүнү улантат.

№033 Улуттук Банк лиц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: