super.kg logo

Чүй камералык оркестри аэропортто күтүүдө турган элге концерт койду (видео)

 

Чүй камералык оркестри "Ош" эл аралык аэропортунда каттам күтүп турган жарандарга концерт койду. Бул тууралуу видео аталган оркестрдин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аба ырайына байланыштуу аэропортто каттамдар кечиккен. Бул учурда күтүү залында турган өнөр адамдары элге жакшы маанай тартуулоону туура көрүшкөн.

"Ош" аэропортунда Бишкектегидей эле бардык каттамдар кармалды. Башка жарандар сыяктуу күтүү залында турганда жаңы жылдык концерт коюп, элге жакшы маанай тартулоону чечтик",- деп билдирүү калтырган оркестр.

Белгилей кетсек, бүгүн "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда туманга байланыштуу кечигүүлөр болгон.






Чүй камералык оркестри аэропортто күтүүдө турган элге концерт койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: