super.kg logo
  Саясат  

Сузак районунда кутурма оорусуна чалдыккан уй табылды

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кутурма оорусу менен ооруган уй табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-январда Арал участкасынын тургуну  М.Кошматовдун ооруп калган уюн айылдык мал доктур  О.Абжалилов алдын ала кутурма оорусуна күмөндөп диагноз койгон. Уй ветеринардык адистин көзөмөлүндө союлуп, башы Ноокен райондор аралык диагностикалык борборго текшерүүгө жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында уйдун кутурма оорусу менен ооругандыгы аныкталган. 
Анын эти өрттөлүп, ветеринариялык эрежелерди сактоо менен көмүлүп, уй кармалган сарай тазаланган. Ал эми уй менен байланышта болгон 2 адам айылдык ФАПтын дарыгерлеринин көзөмөлүндө. 
Бүгүн, 21-январда кутурма оорусу катталган аймакта ветеринардык кызмат тарабынан мал жандыктарды кароодон өткөрүү, вакцинациялоо жана тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: