20га чукул өлкөнүн спортчулары "Ала-Тоо Резортто" фрирайд боюнча күч сынашат
2026-жылдын 15-16-17-январь күндөрү “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге фрирайд боюнча турнир өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, турнирге дүйнөнүн 20га чукул мамлекетинен келген лыжа сүйүүчүлөр катышат. 15-январь күнү Каракол лыжа базасында ар кандай машыгуулар жана коопсуздук боюнча окутуулар өтөт. Ал эми негизги мелдеш 16-январда башталат. Катышуучулар жаңы үйрөнчүктөр, кесипкөй лыжачылар, аялдар категориясында күч сынашат.
Иш-чаранын негизги максаты - өлкөбүздү эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү жана эл аралык жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















