super.kg logo

Бут кийимдеги жагымсыз жыттан кантип арылуу керек?    

 

Эмнеге бут кийим жаман жыттанат?

1. Вентиляция жок: аба өткөрбөгөн материалдан тигилген бут кийимдер.

2. Гигиена: буттун гигиенасын сактабаганда, андан сырткары аба өткөрбөгөн материалдан тигилген байпактар.

3. Жогорку физикалык активдүүлүк: көп кыймылдап, чуркап, көпкө чейин бут кийимди чечпей кийип жүргөндө.

4. Бут кийимдин батеги эскиргенде жаман жытты сиңирип алып, тазалаганда жыйынтык чыкпашы мүмкүн.

Кантип жаман жытты кетирүү керек?

– 1-2 аш кашык соданы бут кийимге салып, бардык жерине жеткидей тегиздеп чыгуу керек. Бир түнгө калтырып коёбуз. Эртең менен соданы күүп салса болот.

– Вата дискине перекись водородду тамызып суулап, анан ошол вата менен бут кийимдин ичин жакшылап сүртүү, кургатуу кажет.

– Активдештирилген көмүрдүн 3-4 таблеткасын бут кийимдин ичине 8-10 саатка салып коюңуз.

– Жуулгандан кийин да жыттанып жатса, батегин алмаштырыңыз. Антимикробдук атайын батек салыңыз. Бут кийимдин ичине антисептик сээп тазалаңыз.

– Уксус аралашмасы: Уксус менен сууну 1:1 өлчөмүндө аралаштырабыз. Бут кийимдин ичин аралашма менен жакшылап сүртүп чыгуу керек. Колуңузга резина мээлей кийгенди унутпаңыз.

– Бут кийимдин ичин кир самын менен да жууп көрүңүз.

Жагымсыз жыттын алдын алуу

1. Сапаттуу материалдан тигилген бут кийим, байпак кийиңиз.

2. Бутту күнүгө жууп, атайын бутка ылайыкталган антипреспирант колдонуңуз.

3. 2-3 айда бир батекти алмаштырып туруу зарыл.

4. Бут кийим да эс алышы керек. Андыктан алмаштырып кийгенге башка да бут кийим болсун.

5. Чечкенден кийин шамалдаган жерде жакшылап кургатып туруу керек.

6. Атайын бут кийимдерге арналган дезодорант же антипреспирант чачып туруу керек.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: