Бишкектин бир бөлүгүндө эртең суу өчүрүлөт (схема)
Эртең, 24-декабрда борбор калаанын айрым аймактарында оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
* Айчүрөк ЦУМ
* Берен Голд соода борбору
* Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
* КАБАР маалымат агенттиги
* Борбордук шайлоо комиссиясы
* Шопоков көчөсү, 98а темир жол
* Фонтан аймагы
* Италиянын ардактуу консулдугу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















