super.kg logo

Сүйүүгө катылган жек көрүү

 

– Кел, кечки чайыңды ичип ал. Атайы сага жасадым.

– Бүгүн чай ичким келбеди.

– Эмне болду?

– Башым ооруп, кускум келип, көзүм караңгылап жатат. Эртең врачка барат окшойм.

– Жок, врачтар азыр сага ар нерсени сүйлөп, сенин көңүлүңдү оорутат. Жашың келип калыптыр дейт. Же башка дагы бир нерселерди айтат. Сени мен гана айыктыра алам, көгүчкөнүм. Кел, чайыңды даярдадым.

Салия жуурканга башын катты. Азимдин жагымдуу үнүнө алданып, чын эле утурумдук эле баш оору деп ойлоду. “Ак куум, көгүчкөнүм” деп айтчу ал. Бир аз көңүлү көтөрүлө түшкөндөй болду. Бирок зыңылдап ооруп жаткан башын эмне кыларын билбей жатты.

– Кел, дагы бир аз уурта,- деп жатты Азим.

Күйөөсү кинодон азыр чыгып келгендей сулуу жигит эле. Бою, турушу, кимди болсо да кызыктыра тургандай жаш жигит болчу. Салия аны көргөн сайын көзү кубанар эле. Азыр да ыраазы боло аны тиктеп жатты. Бирок башын бир нерсе кычкач менен кыскандай кыйналат. Азимдин колундагы чайды алып акырын жутту, уйкусу келип көзү жабышып бара жатты. Бир караса Азим аны ушундай бир башкача көз караш менен тиктеп туруптур. Көз ирмемге жек көрүүгө окшогон бир нерсени көрө калды. “Жок, жок, мен жаңылыш көрдүм окшойт” деп өзүн жоошутту.

Бир жыл болуп калды экөөнүн баш кошконуна. Жакындары, достору баары сүйлөшүп алгандай “бул жигиттен узак жүр” дешти. “Өзүң кырк бешке чыксаң, он беш жаш кичүү бул жигит сенин байлыгыңды эле көздөп жатат. Же ата-энесин, урук-тууганын айтпаса, кандай болуп калат? Ушул жашка келип ата-энеси, бир туугандары жок экен, мейли. Бирок дос деле күтөт эле го. Мында бир сыр бар, же сенин байлыгыңды көздөп жатат. Же пайдаланайын деп жатат сени. Көзүңдү ач” деп эскертишти.

Бирок Салия анын эч бирин укпады, көзгө сайып көрсөтүп жаткан нерселердин баарына көз жумду. Чын эле бир адамдын ушул жашка чейин бир таанышы болбойбу? Ким ал? Кайдан келди? Өтмүшүн эч сураштырбады. Бир жолу сураса “ал тууралуу эч нерсе айтпайм, чукулай берсең кетип калам” дегендей бир кеп айткан. Ошондон кийин анын өтмүшүн эч сурабады.

Азимдин жарашыктуу келбетин, сулуу көздөрүн, өзүнө болгон камкордугун гана каалады. Ансыз жашоосун элестете албай калган эле. Алардын жомоктогудай бир жашоосу башталды. Салиянын бир топ фармакологиялык фирмалары бар эле, аларды акырындык менен Азим башкара баштады. Өзү иштен четтеп баратканын сезсе да, Азимге сокур кишидей ишенди. Бир да күмөн кылбады. Ушул жашка чейин окуп, иштеп, бизнесин түптөө менен алек болгон аял сүйүү деген ушул тура деп баш ийип берди. “45 жашыма чейин күттүргөн бакыт ушул тура” деп Кудайга жалынып жүрдү. Бир нече жолу балалуу бололу деди эле, Азим токтотуп койду.

– Көгүчкөнүм, ак куум, бизге азыр баланын эмне кереги бар? Өзүбүз үчүн жашайлы. Сага мен болсом болду, мага сен болсоң болду. Ал эми бала экөөбүздү бири-бирибизден алыстатат.

– Бирок эртеңки күнүбүздө бизге эрмек болмок да. Сен экөөбүздүн балабыз ал...

– Мен баланы сүйбөйм, жаным. Сен жетесиң мага. Бул оюңду жогот. Болбосо...

Азим манипуляция кылганды жакшы билчү. Кимди эмне менен коркутушту дагы. Салияны да каалагандай куурчак кылып ойнотуп жатты. Бечара аял ошондон кийин бала тууралуу үн катпай калган. Жарым жылдан бери баш оору пайда болду. Күндө Азим ага чөптөрдөн чай жасап бере турган. Бир күнү ошол жасап жаткан чайына бир-эки тамчы суюктукту айнек кутудан чайга тамызып, кайра чөнтөгүнө салып койгонун байкады. Жүрөгү “тыз” деп биринчи жолу күмөн кирди.

Экинчи жолу кимдир бирөө менен шыбырашып сүйлөшүп жатканын байкады. Дагы бир жолу уйку-соонун ортосунда туруп, кийинип сыртка чыгып кетип баратканын байкады. Баш оорусу күчөй бергенде акыры анализ тапшырды. Аябай мыкты тааныш врач эле, анын айткандары үрөйүн учурду.

– Сиздин анализиңизде оор металл кошулган чоң дозадагы дарыны байкадык. Сиз ичкен дарылардын биринде да бул жок. Сиз кечкисин эмне ичип жатасыз?

– Чай.

– Аны өзүңүз даярдайсызбы?

– Жок, күйөөм...- деп баратып калтырап токтоп калды. Азимдин айнек кутудан чайына бир нерсе тамызып, кайра чөнтөгүнө салганы көз алдына элестеди.

– Жок, мүмкүн эмес!

– Сиз мыкты фармацевтсиз, бул курамды өзүңүз байкаңызчы.

Калтыраган колдору менен баракты алган Салия окуп баштады. Бул ушундай бир уулуу зат экен, акырындык менен организмге таасир берип, акылын, ден соолугун алып тынат экен. Шалактап уктай бергени да ошондон тура көрсө.

Эмне кыларын билбей калды. Азимдин айнектей муздак каректерин эстеп, ичиркенип кетти. Чын эле жакындары, достору айткан нерселерди эми ачык көрө баштады. Анын өзүнө болгон мамилесин эстеди. Чайдан кийин тез эле уктап калчу өзүн эстеди. Жаны көзүнө көрүнүп бара жатты. Бирок баары бир ишенгиси келбей турду.

ххх

Ошол күндөн баштап Азимге билгизбей үйгө камера койдурду. Ал тууралуу бир топ чындык ортого чыккан соң, канчалык корксо да чындыктын бетин ачууга бел байлады. Агасы милициянын капитаны эле, болгон окуяны айтып Азимдин телефонуна “прослушка” койдурду. Кечинде агасы чакырганынан анын кабинетине барды. Агасы унчукпай ага жаздырып алынган үндү алдына койду.

– Айтсак болбодуң эле, өзүң ук.

Телефондогу үн бөлмөнү жаңыртып жаткандай сезилди. Ал Азимдин үнү болчу.

– Мен да жададым, жаным. Аз калды. Болгон нерсеси, үйү, дүнүйө-мүлкү биздики болот деп эле чыдап жүрөм. Болбосо ал картаң кемпирдин жанында жатуу да мага оор. Айла жок, жанынан азырынча чыга албайм. Сен мага ишен.

– Бир жылдан бери мени алдап келе жатасың. Өзүң аялың менен чет өлкөдө жыргап эс алып, кымбат үйдө, кымбат машина минип жашап келе жатасың. А мен сени күткөндөн тажадым. Же ал, же мен!

– Сен! Албетте, сен. Бирок планыбыз ишке ашарына аз калды. Жакында...

Салиянын андан аркысын угууга эрки жетпеди. Жүрөгү кысылып баштады. Көз жаштары мончоктоп агып жатты.

– Ыйлаба, аны түрмөнүн түбүндө чиритем. Сени коргой албадым, бир тууганым. Мени кечир, аз жерден сенден айрылып кала жаздаган экенмин.

Агасы Салияны кучактай берди.

ххх

– Келдиңби, жаным,- деп кылчая берген Азим Салиянын жанындагы милиция кызматкерлерин көрдү. Дароо түшүндү. Анын көзүндөгү баягы жек көрүүнү Салия азыр байкады. Колуна кишен тагып алып бара жатканда гана анын көзүнө тике карады. Формачан балдарды эшикке чыгып туруусун суранды. Экөө гана калышты.

– Эмнеге?- деди бир ооз гана.

– Ха, али да түшүнгөн жоксуңбу? Акча үчүн! Сенин акчаңды алып, каалагандай жашоону кааладым. Сен жеткен нерсеге мен эч качан жетпейт болчумун. Анткени балдар үйүнөн чыккан мени эч ким кабыл албады. Окуганга акылым жетмек, ал жактан да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Оор жумуштарды кылдым. Бирок мендей акылдуу жана келбеттүү эркек оор жумуш үчүн жаралган эмес. Ошондой учурда сени жолуктурдум. Сен менин жүк ташуучу экениме карабадың. Анткени мендеги акылды көрдүң. Бирок мендеги жек көрүүнү көрө албадың. Сени жек көрөм! Сен сыяктууларды дагы... Силер гана жашоодо татыктуу жашоого ылайыктуусуңарбы? Мендейлердин да жакшы жашоого акысы бар. Кана, бул дүйнөнүн адилеттүүлүгү?

– Дүйнөнүн адилеттүүлүгү мына ушул,- деди Салия анын колундагы кишенди көрсөтүп.

– Сен өзүңө татыктуу жерге бара жатасың. Бир аз мээримиң, уятың болсо го...

Азим бир нерсе дейин деп баратып башын чайкады. Аны эшикке алып чыгып кетишти. Салия жеңил дем ала үйүн айланта карады.

– Бүттү!- деди өзүнө-өзү. Бул сөз анын жарасын айыктырып бара жаткандай сезилди.

Айлин Д







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: