super.kg logo

Өзбекстанда Орусия армиясында кызмат өтөгөн өзбек жарандары соттолду

 

Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп келген Өзбекстандын эки жараны мекенине кайтып келгенден кийин соттолду. Бул тууралуу UzNews.uz агенттиги Фергана жана Навоий облустарындагы сот чечимдерине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Фергана облусунун 49 жаштагы Л.С. аттуу тургуну 2023-жылы иш издеп Орусияга барган. Ал жакта жумушка орношо албай, аскер комиссариаты аркылуу контрактка кол коюп, Орусия армиясынын курамында кызмат өтөгөн. Ал ай сайын 150 миң рублга чейин маяна алып турган. Кийинчерээк ага миграциялык документтер берилип, 420 доллар жана 45 миң рубль накталай акча которулган.

Ага "Каменка" бөлүгүндө катардагы жоокер наамы ыйгарылган. Ошондой эле Луганск аймагында согуштук аракеттерге катышып, бир нече жолу жаракат алган. 2024-жылы саламаттыгына байланыштуу кызматтан бошотулуп, Өзбекстанга кайтып келген.

Сотто ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ошондой эле жашы жете элек балдары бар экенин, үй-бүлөдө жалгыз багуучу экенин айткан. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (Жалданма аскерчилик) боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигин чектөө (үй камагы) жазасын берген.

Экинчи учур, Навоий облусунун 28 жаштагы С.С. аттуу тургунуна байланыштуу. Ал Орусияга 2021-жылы иштөө үчүн кетип, 2025-жылдын апрель айында Орусиянын куралдуу күчтөрү менен бир жылдык контрактка кол койгон. Аскердик даярдыктан өтүп, Луганск облусуна жөнөтүлгөн. Ал жакта дрон чабуулунун натыйжасында жаракат алган. Өзбекстанга кайтып келгенден кийин окуя тууралуу укук коргоо органдарына өзү кабарлаган.

Сот отурумунда С.С. да өз күнөөсүн моюнуна алып, оор турмуштук абалын айткан. Сот аны да Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (Жалданма аскерчилик) боюнча күнөөлүү деп таанып, бирок күнөөнү моюнга алуу, турмуш шартын эске алып, жумшартуу жагдайлары колдонулган. Жыйынтыгында 4 жылга эркиндигин чектөө (үй камагы) жазасы берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: