Нурайым Акылбекова Африкадан келген Люси менен клип тартат (видео)
Ырчы Нурайым Акылбекова жакында эле Кыргызстанга келин болуп келген африкалык Люси менен клип тартат. Бул тууралуу ырчы айым өзү социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Андагы видеодон төкмө акын Нурсултан Малдыбаев комуз менен ырдап, эки жаш үй-бүлөнүн жолукканын көрүүгө болот.
"Эки бажа. Кара кыздын агынан эмес, багынан деген ушул тура. Жакында жаңы клип",- деп билдирүү калтырган Нурайым Акылбекова.
Белгилүү болгондой, Марат Ниязмат уулу жакында сүйүктүүсү Люсини Кыргыстанга алып келип, ата-энеси менен тааныштырган. Анда африкалык кызга ак жоолук дагы салышкан.
Ал буга чейин порталыбызга Африкага болгон саякаты, жеке жашоосу тууралуу маек берген. Анда Марат мырза Люси аттуу бийкеч менен Занзибарда таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөнүн, мамилелери келишсе аны Кыргызстанга алып келери тууралуу айткан.
Нурайым Акылбекова Африкадан келген Люси менен клип тартат
0

Супер-Инфо
super.kg видео















