super.kg logo

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2025: Жылан жылында үй-бүлө курган жылдыздар (сүрөттөр)

 

Узап бара жаткан 2025-балык жылында үй-бүлө куруп, турмуш жолуна аттанган жылдыздарды SUPER.KG порталы тизмектеди. Алардын катарында ырчы, актёр жана спортчулар бар. Жан шеригин таап, бирге түтүн булатып, чачыбыз бир жаздыкта агарсын деген аруу тилек менен баш кошкон түгөйлөр тууралуу баяныбызды баштайбыз.

Жылдын акыркы тою чыгармачылыкта дуэт аткарып жүргөн ырчылар Зарлык Камбаралиев менен Айганыш Абдиеваныкы болду. Жылдыздар турмуш жолуна аттанышканын ноябрь айында жарыялап, күйөрмандарына жагымдуу кабар бөлүштү. Ал эми түгөйлөрдүн үлпөт тою 12-декабрда Бишкек шаарында өттү.

Жыл соңунда үй-бүлө кургандардын катарында ырчы Даниель Бегалиев да бар. Ырчы мырза 12-декабрда баш кошконуу тууралуу кабарлап, социалдык тармактагы баракчасында ак жоолук салынган кыз менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.


Жылан жылында өз теңин тапкан жылдыздардын катарын белгилүү эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев да бар. Ырчы мырза ноябрь айында Жумагүл аттуу айымга баш кошту. Алардын үлпөт тою Бишкек шаарында жакындарынын, чыгармачылыктагы досторунун коштоосунда өттү.


Бул жылдын октябрь айында ырчы Азат Раимбердиев менен сүйүктүүсү нике күбөлүгүн алышты. Ырчы мырза мындай кубанычтуу жаңылыгы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.


"Жебе" тобунун солисти Медер Сагынов дагы октябрь айында Бермет аттуу бийкечке үйлөндү. Тойдогу сүрөттөрдү ырчы мырзанын шоу-бизнестеги жакындары бөлүштү.


Чыгармачылыктагы жаш жубайлардын катарын ырчы Калыс Жакыпов менен бийчи Айдана Тыныбекова дагы толуктады. Түгөйлөр ушул жылдын сентябрь айында баш кошуп, алардын тою Бишкектеги той каналардын биринде болду.


Шоу чөйрөсүндө дагы бир кош жылдыз пайда болду десек болот. Себеби бул жылы төкмө акын Нурсултан Малдыбаев менен ырчы Нурайым Акылбекова август айында баш кошту. Жаш түгөйлөрдүн тою Бишкек шаарындагы тойканада белгиленип, ырчылар, таанымал акындар, саясатчылар жана сахналаш досторунун коштоосунда өттү.

Ал эми август айында белгилүү ырчы жана бир катар эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Айыма Айылчиева турмуш жолуна аттанды. Сүйүктүүсү Япониядагы Сагами булуңундагы Катасе дарыясынын жээгинде ырчы айымдан колун сураган.

Август айынын соңунда кыргыздын белгилүү дзюдочусу Эрлан Шеров Элвира аттуу кыз баш кошуп, Бишкек шаарындагы той каналардын биринде тою болду. Алардын жакшылыгына жакындары, достору жана кыргыз спортчулары катышкан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев дагы жайдын аптаптуу август айында өз теңин тапты. Примбердиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында келинчеги менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, сүйүүсүн тапканын билдирген.
Турмуш жолуна аттангандардын катарын эстрада ырчысы Алтынай Асанбекова дагы толуктады. Ырчы айымдын кыз узатуу тою ушул жылдын август айында өттү.


Жылан жылында коомдук ишмер Нурлан Мотуев дагы май айында үйлөндү. Анын 19 жаштагы кызга үйлөнгөнү коомчулукта кызуу талкууга да алынды.


Жыл башында Парижде өткөн Жайкы олимп оюндарынын катышуучусу, белгилүү балбан Амантур Исмаилов менен президент Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоеванын үйлөнүү тою болду. Эки жаштын тоюндагы видеолор социалдык тармактарда тараган. Анда той Жалал-Абад шаарындагы той каналарда болгонун көрүүгө болот.

Бул жылы бош кошуп, бир башын эки кылган жылдыздардын "өмүрүбүздүн акырына чейин бирге, бактылуу бололу" деген аруу тилектери орундалсын!



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: