super.kg logo

Кибер кылмыш: Ошто 21 жаран кармалды

 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кибер кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмчөсү мыйзамсыз “дропперлик” фактыларын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, уюлдук байланыш каражаттарын жана банктык төлөм карталарын колдонуу аркылуу жасалган алдамчылык фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерине жана жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Иш-чаралардын жыйынтыгында айрым кылмыштуу схемаларда алдамчылык операцияларды жүргүзүү максатында үчүнчү жактардын атына катталган банктык карталар жана SIM-карталар колдонулганы аныкталды.

Бул фактыларды тактоо жана тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында Ош ШИИББинин кызматкерлери Бишкек шаарынын, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада акчалай сый акы алуу үчүн өздөрүнүн банктык карталарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга мыйзамсыз өткөрүп берген 21 жаран аныкталды. Алар шарттуу түрдө “дропперлер” деп аталат. Учурда алар тергөө кызматына жеткирилди жана аракеттерине жараша Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: