super.kg logo

Мас абалында жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлери иштен бошотулду

 

Социалдык тармактарда ички иштер органдарынын эки кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгынын видеосу тарагандан кийин Ички иштер министрлиги тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон учурда аталган кызматкерлер мас абалында болгону аныкталды. Бул факт кызматтык тартиптин жана мыйзамдардын талаптарын одоно бузулушу катары бааланды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милициянын капитандары С.У. жана М.У. ички иштер органдарынан бошотулду.

Министрлик кызматтык тартипти жана мыйзам талаптарын бузган кызматкерлерге карата ээлеген кызматына жана иш тажрыйбасына карабастан катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн, анын ичинде кызматтан бошотууга чейин чаралар колдонуларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: