Бишкекте мурунку аялын тапанча менен атып салган жаран кармалды (видео)
Кечээ, 23-декабрда саат 21:00 чамасында Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде аял киши мурунку жолдошунун колунан ажал тапты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 102 кызматына маалымат түшүп, окуя болгон жерге Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлдү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мурунку жолдошу 1978-жылы туулган У.Ж. менен 1977-жылы туулган У.Б. аттуу аялдын ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Чыр-чатак учурунда эркек киши өзүнө катталган "МР-79" үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан аялга карата ок чыгарып, ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болду.
Бул факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү У.Б. кылмыш жасалгандан кийин дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Бишкекте мурунку аялын тапанча менен атып салган жаран кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















